ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаардын Эркиндик бульварында чатырчалуу орундуктар орнотула баштады

Бишкек шаарынын мэриясы менен “Кыргыз Инвест Кредит Банк” Жабык акционердик коомунун ортосунда түзүлгөн өз ара кызматташуу жөнүндө меморандумдун негизинде Эркиндик бульварында жаны чатырчалуу орундуктар орнотула баштады.

Азыркы учурда төрт жаны чатырчалуу орундук орнотулду.

Биринчи май районун администрациясынын билдирүүсү боюнча, бир айдын ичинде бульвардын Чүй проспектинен Линейная көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү эски орундуктар толугу менен алмаштырылып, жаңы чатырчалуу орундуктар орнотулат.

Шаар мэриясы шаар тургундарынан жана конокторунан тышкы көрктөндүрүү каражаттарына аяр мамиле жасоону өтүнөт.