ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Биринчи май райондук сотунун токтомуна ылайык мыйзамсыз курулуштун ээси административдик жазага тартылды

Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак-жай куруу департаменти тарабынан, шаардын Сыдыков көчөсүндө мыйзамсыз турак үй куруу фактысы аныкталды.

Шаар тургуну Караев Д. 8,5 м Х 8,5 м өлчөмүндөгү эки кабаттуу үйдү расмий уруксатсыз, тиешелүү документтерисиз, жалпы пайдаланылуучу жер тилкесине куруп баштаган, ал жер тилкеси аркылуу байланыш чубалгылары да өтөт.

Жеке турак-жай куруу департаментинин кызматкерлери тарабынан протокол түзүлүп, курулуш ээсине эскертүү берилген жана шаардын Биринчи май райондук сотуна мыйзамсыз курулушту бузуу жөнүндө доо арыз берилген.

Биринчи май райондук сотунун токтомуна ылайык Караев Д. 10 000 сом өлчөмүндө айыпка тартылып, жер тилкесин баштапкы абалына келтирүү милдеттендирилген.