ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Кыргыз гематология илимий борборунда антисанитардык абал түзүлгөн

Бишкек шаарынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын маалыматы боюнча, Кыргыз гематология илимий борборунда антисанитардык абал түзүлгөн.

Шаардын Биринчи май району боюнча өткөрүлгөн кезектеги рейддин жүрүшүндө Шакиров көчөсү, №4 дарегинде жайгашкан Кыргыз гематолгия илимий борборунунун айланасында газондорду өз убагында сугаруу, чөптөрдү чабуу иштери аткарылбайт. Кургак чөптөр өрттөлүп, бак-дарактарга жана башка өсүмдүктөргө зыян тийгизген. Кургак жана курулуш таштандылары баш аламандыкта жыйналат.

Андан тышкары, илимий борбор тарабынан расмий уруксатсыз жана тиешелүү документтерисиз (ордер) жер иштетүү иштери жүргүзүлгөн.

Рейддин жыйынтыгы менен Кыргыз гематология илимий борборунун директорунун атына Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодексинин 488, 489-беренелерине ылайык протокол түзүлүп, Биринчи май райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.