ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

ӨТКӨН ЖУМАДА БИШКЕК ТЕЗ ЖАРДАМ СТАНЦИЯСЫ ТАРАБЫНАН 750 АДАМ ООРУКАНАЛАРГА ЖАТКЫРЫЛДЫ

Үстүбүздөгү жылдын 18-августунан 24-августуна чейинки мезгилде Бишкек тез жардам сианциясына 3764 адам кайрылган. Бул жөнүндө Бишкек шаарынын Саламаттык сактоо департаментинен билдиришти.

Баардык кайрылуулардын ичинен 2810 кайрылуу боюнча медициналык тез жардам көрсөтүлдү жана 750 адам ооруканаларга жаткырылды. Аталган мезгилде Бишкек тез жардам станциясында 215 бригада иштеди, санитардык унаалардын саны 230 бирдикти түзөт. Катталган кайрылуулардын ичинен 31и жол кырсыктары, жаракат алган адамдардан саны 42. Ашказан жана ичеги инфекциялары боюнча 312 адам кайрылса, алардын 1103ү ооруканага жаткырылган, анын ичинен 59у 14 жашка чейинки өспүрүмдөр. Респиратордук вирус инфекциясы менен 330 адам кайрылып, алардын 46сы ооруканага жаткырылган. Алардын ичинен 40ы 14 жашка чейинки өспүрүмдөр. Шаардык төрөт үйлөрүндө 371 төрөт катталса, алардын 62сине гинекологиялык операция жасалды.