ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Ботаникалык бакта КР Эгемендүүлүк күнүнө арналган жеңил атлетикалык жүгүрүүлөр өткөрүлөт

31-августта Улуттук илимдер академиясынын Ботаникалык багында (Аламаты/Ахунбаев көчөлөрү), Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө арналган жеңил атлетикалык жүгүрүүлөр өткөрүлөт.

Саат 8.00до жеңил атлетикалык жүгүрүүгө катышуучулар чогулушат жана каттоодон өткөрүлөт.

Спорттук иш-чарага спорттун ардагерлери, “Алмаз” жеңил атлетиканы сүйүүчүлөр клубунун мүчөлөрү, ЖОЖ студенттери, мектеп окуучулары жана баардык каалоочулар катыша алышат.

Жеңүүчүлөр баалуу сыйлыктар менен сыйланышат.