ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаардык дене-тарбия жана спорт комитети КР Эгемендүүлүк күнүн майрамдоонун алкагында спорттук иш-чараларды өткөрөт

Бишкек шаардык дене-тарбия жана спорт комитети КР Эгемендүүлүк күнүн майрамдоонун алкагында, 31-августта саат 11.00до шаардын эски аянтында, спорттук иш-чараларды өткөрөт.

Спорттук иш-чаралардын программасына: көркөм жана спорттук гимнастика, будо-каратэ, таэквон-до, дзюдо, самбо, оор атлетика, гирялык спорт, улуттук күрөш, грек-рим жана эркин күрөш боюнча спотчулардын чеберчиликтерин көрсөтүү киргизилген.

Ошону менен бирге армреслинг, стол үстүндөгү теннис, стритбол, шахматам, тогуз коргоол, ордо, балдар арасында жеңил атлетика, кыймылдуу оюндар жана аркан тартыш боюнча мелдештер өткөрүлөт.

Шаардык спорт комитети тарабынан баалуу белектерди ойнотуу уюштурулат.

Спорттук иш-чараларга 2 000ден ашуун спортчулардын катышуусу белгиленүүдө.