ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Мыйзамсыз куруулар куруучулардын өз ыктыяры менен бузулду

Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак-жай куруу департаментинин билдирүүсү боюнча, шаар тургуну Достоевский көчөсүн бойлото турак үйдүн дубалын эч кандай уруксатсыз, өз каалоосу менен көтөргөн. Үйдүн курулушу электр өткөрүүчү чубулгалардын алдында жайгашкан.

Ошондой эле, Жеке турак-жай куруу департаментинин кызматкерлери тарабынан “Рухий-Мурас” жаңы конушунда муниципалдык жердин эсебинен мыйзамсыз кеңейтүү менен короонун фундаменти куюлуп жаткандыгын аныкташкан.

Үй куруучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин мыйзамсыз курулуштар куруучулардын өз ыктыяры менен бузулуп, жер тилкелери баштапкы абалына келтирилди.