ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

ӨТКӨН ЖУМАДА БИШКЕК ТЕЗ ЖАРДАМ СТАНЦИЯСЫ ТАРАБЫНАН 754 АДАМ ООРУКАНАЛАРГА ЖАТКЫРЫЛДЫ

Үстүбүздөгү жылдын 11-августунан 17-августуна чейинки мезгилде Бишкек тез жардам сианциясына 3555 адам кайрылган. Бул жөнүндө Бишкек шаарынын Саламаттык сактоо департаментинен билдиришти.

Баардык кайрылуулардын ичинен 2768 кайрылуу боюнча медициналык тез жардам көрсөтүлдү жана 754 адам ооруканаларга жаткырылды. Аталган мезгилде Бишкек тез жардам станциясында 214 бригада иштеди, санитардык унаалардын саны 230 бирдикти түзөт. Катталган кайрылуулардын ичинен 33ү жол кырсыктары, жаракат алган адамдардан саны 36. Ашказан жана ичеги инфекциялары боюнча 331 адам кайрылса, алардын 90у ооруканага жаткырылган, анын ичинен 45и 14 жашка чейинки өспүрүмдөр. Респиратордук вирус инфекциясы менен 329 адам кайрылып, алардын 43 ооруканага

жаткырылган. Алардын ичинен 42си 14 жашка чейинки өспүрүмдөр. Шаардык төрөт үйлөрүндө 563 төрөт катталса, алардын 100үнө гинекологиялык операция жасалды.