ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы “Бишкек шаарынын билим берүү мекемелеринде тамактандырууну уюштуруу жөнүндө” токтом кабыл алды

Бишкек шаарынын мэриясы 2014-жылдын 18-августунда “Бишкек шаарынын билим берүү мекемелеринде тамактандырууну уюштуруу жөнүндө” №114-токтомун кабыл алды.

Аталган токтомго ылайык, Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык тамактандыруу департаментинен шаардын райондук администрацияларына, Билим берүү башкармалыгына жана райондук билим берүү борборлоруна мектеп окучууларынын жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тарбиялануучуларынын тамактануусун уюштуруу боюнча милдеттер, жеке жоопкерчиликти жүктөө менен өткөрүлүп берилет.

Атап айтканда, Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрацияларына:
* Бишкек шаарынын билим берүү мекемелеринде тамактандырууну уюштуруу жөнүндө Жобого ылайык иш-чараларды уюштуруу;
* өз убагында каржылоону жана акча каражаттарынын пайдаланылышын көзөмөлдөөнү камсыздоо.

Бишкек шаарынын Билим берүү башкармалыгына:
* билим берүү мекемелеринде тамактандырууну уюштуруу боюнча документтерди даярдоо жана усулдук камсыздоо;
* билим берүү мекемелеринде тамактандырууну уюштуруу боюнча мекемелердин иш аракеттерине үзгүлтүксүз мониторинг жана баалоо жүргүзүү;
* билим берүү мекемелеринде тамак-аш блокторун материалдык-техникалык камсыздоо.

Райондук билим берүү борборлоруна:
* конкурстук соодаларды өткөрүүнү жана сатып алууларды ишке ашырууну камсыздоо;
* сапаттуу тамактандырууну уюштуруу боюнча билим берүү мекемелеринде туруктуу учетту жана отчетту уюштуруу.

Андан тышкары, аталган токтомго ылайык райондук администрацияларга, билим берүү башкармалыгына, райондук билим берүү борборлоруна өткөрүлүп берилген милдеттер колдонуудагы штаттык бирдиктин чегинде ишке ашырылууга тийиш. Билим берүү башкармалыгына Мамлекеттик

санитардык-эпидемиологиялык борбору менен биргелешип, окуучулардын тамактануусунун менюсун иштеп чыгуу, сапаттуу тамактандырууну уюштуруу, тамактандыруу режимин сактоо, шарттарын камсыздоо боюнча билим берүү мекемелеринин иштерин баалоону үзгүлтүксүз жүргүзүп туруу милдеттери жүктөлөт.