ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Токтогул көчөсүнүн Эркиндик бульварынан Раззаков көчөсүнө чейинки бөлүгү 21-августта ачылат

Шаардын Токтогул көчөсүндө жол оңдоо иштери кызуу жүрүүдө.

Көчөнүн 250 метр узундуктагы Эркиндик бульварынан Раззаков көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү оңдоо иштери үстүбүздөгү жылдын 21-августунда аяктайт.

Азыркы учурда аталган көчөнүн Раззаков көчөсүнөн Исанов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө асфальттын биринчи катмарын төшөөгө жол кыртышын даярдоо иштери жүргүзүлүүдө. Асфальттын биринчи катмарын төшөө жакынкы мезгилде башталат.

Жол оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышуу учурунда, шаар башчысы Кубанычбек Кулматов, “Жашылдандыруу курулуш” жана “Тазалык” муниципалдык ишканаларына көчөнү жашылдандыруу боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү тапшырды.