ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаа башчысы Кубанычбек Кулматов Бишкек шаарындагы жүргүнчүлөрдү ташуучу фирмалардын жетекчилери менен жолугушту

Шаардык транспорттун алдында турган маселелерди чечүү үчүн чечкиндүү чаралар талап кылынат. Мындай пикир калаа башчысы Кубанычбек Кулматовдун Бишкек шаарындагы жүргүнчүлөрдү ташуучу фирмалардын жетекчилери менен жолугушуусунда айтылды.

Ачык жана конструктивдүү өткөн маекте: күйүүчү майдын кымбатташы, тариф саясаты, айып тарифтеринин жогорулашы, социалдык милдеттердин аткарылышы жана башка шаардык транспорттун көйгөйлүү маселелери жөнүндө сөз болду.

Үй-бүлөлөрүн багуу аракетин кылып, иштеп жаткан миңдеген айдоочулардын кызыкчылыктары менен эсептешпеген, шаар бийликтеринин популисттик мамилеси жөнүндө да ачуу сындар айтылды.

Жолугушуунун жүрүшүндө, тараптар биргелешкен жумушчу топ түзүп, ал бир айдын ичинде шаардык транспорттун ишиндеги баардык көйгөлүү маселелерди изилдеп чыгып, аларды чечүүнүн жолдорун белгилеши жөнүндө жыйынтыкка келишти.