ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

2014-жылдын 26-августунда Бишкек шаарынын билим берүү кызматкерлеринин педагогикалык кеңешмеси өткөрүлөт

2014-жылдын 26-августунда балдардын республикалык “Сейтек” чыгармачылык борборунда Бишкек шаарынын билим берүү кызматкерлеринин педагогикалык кеңешмеси өткөрүлөт.

Жаңы окуу жылынын башында, шаардык билим берүү кызматкерлери үчүн бул маанилүү окуя. Анткени, кеңешмеде билим берүү тармагында жана жаш муунду тарбиялоо багытындагы көйгөлүү маселелер жалпы талкууланат.

Мугалимдердин август кеңешмесине мугалимдер, бала бакчалардын тарбиячылары, билим берүү мекемелеринин жетекчилери, жалпысынан 1 100дөн ашуун педагогдор жана аткаруу бийлигинин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышат.

Кеңешменин күн тартибинде “Педагогикалык потенциалды өнүктүрүү – билим берүү тармагын өнүктүрүүнүн маанилүү фактору” маселеси талкууланат.

Ал эми 27-28- августта предметтик секцияларда иш-чаралар өткөрүлүп, алардын ишине 5 000ден ашуун предметтик мугалимдер, бала бакчалардын тарбиячылары, билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышат.

Кеңешменини катышуучулары, “Социалдык өнөктөштүк – мектептин ийгилигинин негизи” деген аталыштагы көргөзмөнүн материалдары менен тааныша алышат. Мектеп формасынын үлгүлөрү көрсөтүлөт.

Кеңешменин ишинде өткөн 2013-2014-жылдын жыйынтыктары чыгарылып, жаңы 2014-2015-окуу жылындагы максаттар аныкталат.