ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаардын Биринчи май районунда жаңы балдар аянтчасы ачылды

Бишкек шаарынын мэриясы “Газпромнефть Азия” Жоопкерчилиги чектелген коому менен биргеликте шаардын Биринчи май районун жаш тургундарына жаңы балдар аянтчасын тартуулашты.

Аталган балдар аянтчасы, “Шаарга жашоо тартуулайбыз!” деген аталыштагы долбоордун алкагындагы бешинчи балдар аянтчасы.

Балдар аянтчасынын салтанаттуу ачылыш аземинде Биринчи май райондук администрациясынын башчысынын орун басары Э.Исаков куттуктоо сөз сүйлөп, аянтчанын жабдууларына аяр мамиле кылууну өтүндү.

Ачылган балдар аянтчасы, Биринчи май районундагы биринчи аянтча. Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын аягына чейин шаар боюнча жыйырма балдар аянтчасын ачуу белгиленүүдө.