Бишкек шаарынын мэриясы бизнес түзүмдөрү менен кызматташууга даяр
- Подробности
- Опубликовано 14.08.2014 16:36
Бүгүн Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри З.Малабеков республиканын өнөр жай ишканаларынын жетекчилери менен жолукту.
Жолугушуунун жүрүшүндө өнөр жай комплексин өнүктүрүү, көмүскө экономикасын жоюу жана кышкы мезгилде электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо маселелери талкууланды.
Биринчи вице-мэр биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу багытында кызматашууну сунуш кылды.
Өнөр жай ишканаларынын жетекчилери, ишканалардын өндүргөн продукцияларын сатуу үчүн соода аянтчаларын бөлүп берүүгө жана мамлекеттик стандартты тастыктоо боюнча лаборатория түзүүгө көмөк көрсөтүү маселесин көтөрүштү. Өндүрүлгөн товаралар тастыкталбаса аларды чет өлкөлөргө сатуу мүмкүн эместигин белгилешти.
Жолугушуунун соңунда мындай жолугушууларды ай сайын өткөрүп туруу чечими кабыл алынды.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
26.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |