ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаардык стоматологиялык клиникалар шаар тургундарын акысыз кароолорду өткөрөт

Шаардын № 2, 3, 4, 5, 6 - стоматологиялык клиникаларында, жаңы конуштардын амбулаторияларында жана Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун филиалдарында эки күн “Таза тиштер” акциясы өткөрүлөт.

Аталган акция Кыргыз Республикасында мамлекеттүүлүктү чыңдоо жылына жана Эгемендүүлүктүн 23 жылдык майрамына арналмакчы.

“Таза тиштер” акциясы үстүбүздөгү жылдын 27-августунан 29-августуна чейин өткөрүлмөкчү. Шаар тургундары саат 9.00дон 17.00го чейин врачтын кароосунан акысыз өтө алышат.

Акция, тиш ооруларынын алдын алуу, гигиеналык эрежелерди сактоону үйрөтүү, ооруларды жашаган жери боюнча клиникаларга дарылануу үчүн жиберүү жана тиешелүү кеңештерди берүү максатын көздөйт.