ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Баш калаада жолдорду оңдоо иштери кызуу жүрүүдө

Шаардын Токтогул көчөсүнүн Ибраимов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгүндө жол оңдоо иштери жүргүзүлүп жаткандыгы мурда маалымдалган. Азыркы учурда жолго асфальттын экинчи катмарын төшөө иштери аяктады деп билдиришти Бишкек шаарынын Капиталдык курулуш башкармалыгынан.

Ал эми, Токтогул көчөсүнүн Эркиндик бульварынан Раззаков көчөсүнө чейинки бөлүгүндө асфальттын биринчи катмарын төшөө иштери аяктады.

Токтогул көчөсүндө жол оңдоо иштерин сентябрь айынын аягында аяктоо белгиленген.