ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

ӨТКӨН ЖУМАДА БИШКЕК ТЕЗ ЖАРДАМ СТАНЦИЯСЫ ТАРАБЫНАН 773 АДАМ ООРУКАНАЛАРГА ЖАТКЫРЫЛДЫ

Үстүбүздөгү жылдын 4-августунан 10-августуна чейинки мезгилде Бишкек тез жардам сианциясына 3747 адам кайрылган. Бул жөнүндө Бишкек шаарынын Саламаттык сактоо департаментинен билдиришти.

Баардык кайрылуулардын ичинен 2807 кайрылуу боюнча медициналык тез жардам көрсөтүлдү жана 773 адам ооруканаларга жаткырылды.

Аталган мезгилде  Бишкек тез жардам станциясында 217 бригада иштеди, санитардык унаалардын саны 220 бирдикти түзөт.

Катталган кайрылуулардын ичинен 20сы жол кырсыктары, жаракат алган адамдардан саны 24.

Ашказан жана ичеги инфекциялары боюнча 391 адам кайрылса, алардын 118и ооруканага жаткырылган, анын ичинен 59у 14 жашка чейинки өспүрүмдөр.

Респиратордук вирус инфекциясы менен 293 адам кайрылып, алардын 32 ооруканага жаткырылган. Алардын ичинен 26сы14 жашка чейинки өспүрүмдөр.

Шаардык төрөт үйлөрүндө 531төрөт катталса, алардын 103үнө гинекологиялык операция жасалды.