ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаарга сугат суунун көлөмү толук берилбестен, үзгүлтүккө учуроодо

Шаарга сугат суунун көлөмү толук берилбестен, үзгүлтүккө учуроодо. Бул жөнүндө маалыматты “Жашылдандыруу курулуш” муниципалдык ишканасынан билдиришти.

Бүгүнкү күндө шаарга секундасына 1,5 куб метр суу Чыгыш каналы, Аламүдүн суусунан “Асанбай” каналы аркылуу секундасына 0,6 куб метр суу берилүүдө. Шаардын бак-дарактарын, жашыл массивин толук кандуу сугаруу үчүн секундасына 4,6 куб метр суунун көлөмү талап кылынат.

Шаарды сугат суу менен камсыздоочу Аламүдүн райондук Суу чарба башкармалыгы, суунун жетишсиздигин тоо кыркаларындагы суу булактарында суунун аздыгы, оор климаттык шарттардын түзүлүшү менен байланыштырышууда.