ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясында Курулушчулар күнү белгиленди

Бүгүн, 8 августта Бишкек шаарынын мэриясында Курулушчулар күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чара курулуш компанияларынын жана шаар муниципалитетинин ортосунда өнөктөштүк байланыштарды түзүү, бекемдөө максатында өткөрүлдү.

Майрамдык иш-чарага жеке курулуш фирмаларынын жана Бишкек шаарынын мэриясынын аймактык курулуш мекемелеринин өкүлдөрү, эмгек ардагерлери, алдыңкы курулушчулар, жаш адистер катышты.

Курулушчуларды шаар башчысы К.Кулматов кесиптик майрамы менен куттуктады. Ал өз сөзүндө: “Курулушчунун кесиби ардактуу кесиптердин бири жана адамдардын көптөгөн муундары үчүн кызмат кылат. Шаардык муниципалитеттин жетишкен ийгиликтери да ишке берилген үйлөрдүн, социалдык жана өнөр жай комплексинин обьекттеринин саны, сапаты менен байланыштырылат. Шаарыбыздын инфрастуктурасын жакшыртуу багытында сиздердин өтөгөн кызматыңыздар өтө зор.

Кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм, чың ден-соолук, ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм!”,- деди.

Шаар башчысы К.Кулматов, Курулушчулар күнү кесиптик майрамына карата жана курулуш тармагын өнүктүрүүгө кошкон зор салымдары үчүн, алдыңкы курулушчуларга Бишкек шаарынын мэриясынын “Ардак Грамотасын” тапшырды.