ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек жана Путраджай шаарларынын мэрлеринин расмий жолугушуусу

Бүгүн, 7-августта Бишкек шаарынын мэри К.Кулматовдун жана Путраджай шаарынын мэри Асех бин Че Маттын расмий жолугушуусу болду. Жолугушуу Малайзия өлкөсүнүн үч күндүк расмий иш сапарынын алкагында өткөрүлдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө шаар куруу, экономика, социалдык, шаарды тышкы жарыктандыруу жана шаардык транспорттун иши боюнча маселелер талкууланды.

К.Кулматов Бишкек шаарын 2014-2018-жылдары социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү Программасы жөнүндө маалымат берди жана Путраджай шаарынын өкүлдөрүнүн расмий иш сапары биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзөөрүн белгиледи.

Путраджай шаарынын мэри Асех бин Че Мат жылуу кабыл алгандыгы үчүн кыргыз тарапка ыраазычылыгын билдирди жана эки тараптуу кызматташуу биздин шаарларыбыздын, өлкөлөрүбүздүн ортосунда өнүгөөрүнө ишеним арттырды. Мен сунуштарды кабыл алууга даярмын деди. Малайзия тарап шаар куруу жаатындагы тажырыйбалары менен бөлүштү.