ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Октябрь райондук администрациясында 2014-2015-жылдагы жылытуу мезгилине даярдык көрүү маселеси каралды

Кеңешменин жүрүшүндө Түштүк-Батыш, Борбордук жана Түштүк райондорунун “Бишкекжылуулук тармактары” ААКнун, “Түндүкэлектр” ААКнун Чыгыш РЭСинин, Бишкексууканал ишканасынын, Социалдык коргоо башкармалыгынын 2014-2015-жылдагы жылытуу мезгилине даярдык көрүү боюнча маалыматы угулду.

Бүгүнкү күндө төмөнкү  оңдоо иштери жүргүзүлдү: суу түтүктөрү, 0,4 кВ кубаттулугундагы электр чубалгылары, эски эсептегичтер электрондук эсептегичтерге алмаштырылды, жылуулук казандары оңдолуп, жаңы трансформаторлор орнотулду.

Иш-чаралар бекитилген планга ылайык жүргүзүлөт. “Бишкекжылуулук тармактары” жана “Түндүкэлектр” ААКнун билдирүүсү боюнча баардык иштер жылытуу мезгилинин башталышына чейин аткарылат.