ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак-жай куруу департаменти жеке турак-жай куруу чөйрөсүндөгү мыйзам бузуулар жөнүндө билдирет

Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак-жай куруу департаментинин маалыматы боюнча, 2014-жылдын январь айынан июль айына чейинки мезгилде, жеке турак-жай куруу чөйрөсүндө мыйзам бузуулар боюнча 491 эскертүү берилген. Коюлган талаптар аткарылбагандыгы үчүн департамент тарабынан 104 протокол түзүлгөн. Протоколдордун көпчүлүгү шаардын Ленин жана Свердлов райондорунун тургундарына туура келет.

Андан тышкары, акыркы 7 айдын ичинде шаар боюнча мыйзамсыз курулган 69 объект бузулган.