ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Баш калаанын Биринчи май районунда балдардын жана өспүрүмдөрдүн жайкы спартакиадасы өткөрүлөт

«Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылына» карата Биринчи май районунун балдар жана өспүрүмдөр арасындагы жайкы спартакиадасы 2014-жылдын 7-августунан 12-августуна чейин жашаган жерлери боюнча өткөрүлөт.

Мелдештин ачылыш аземи Жибек жолу, 262 а дарегинде жайгашкан стадиондо болот. Мелдешке муниципалдык айматык башкарууларында ошондой эле, жаңы конуштарда жашаган 2001-2002-жылы туулган балдар жана өспүрүмдөр катыша алышат. Мелдеш спорттун алты түрү боюнча өткөрүлөт.

* Кичи футбол;
* Дартс;
* Жеңил атлетика;
* Кыймылдуу оюндар;
* Теннис;
* Сууда сүзүү.