ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Баш калаада Мамлекеттик салык кызматынын жана Жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынын биргелешкен рейддери өткөрүлүүдө

Баш калаада кыймылдуу мүлккө салык төлөбөгөндөрдү аныктоо максатында Мамлекеттик салык кызматынын жана Жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынын биргелешкен рейддери өткөрүлүүдө.

Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча 2013-жылы салык төлөбөгөндүгү үчүн 154 автоунаа кармалдып, атайын токтотуучу жайга коюлду.

Бул багыттагы иш-чаралар салык төлөө мөөнөтүнүн аягына чейин дагы күчөтүлүп, КР “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” Кодексине ылайык административдик чаралар коллдонуларын Мамлекеттик салык кызматы эскертет.

Ошону менен бирге, Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгы, мүлктүн I топтогу объекттерине (80 чарчы метрден жогору батирлер, 150 чарчы метрден жогору турак үйлөр) жана жер тилкелерине салык төлөө мөөнөтү 2014-жылдын 1-сентябрына чейин белгиленгендигин эскертет.