ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаардык кызматтар ыкчам чараларды көрдү

4-августта кечки саат 21.15 чамасында шаардын Москва көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишинде жол боюндагы дарактын кыйрашы катталды.

Тиешелүү шаардык кызматтар ыкчам чараларды көрүп, саат 22.40та дарак жыйналып, көчө тазаланды жана жол кыймылы калыбына келтирилди. “Жашылдандыруу курулуш” муниципалдык ишканасынын адистеринин билдирүүсүнө караганда, диаметри 50 см. түзгөн дарак өсүүдө тең салмактуулугун жоготкондуктан кыйроого дуушар болгон.

Шаардын борбордук бөлүгүндө дарактадрын кыйроосу көп каттала баштагандыктан, шаар борборуна ылайыктуу жана көрктүү дарактарды олтургузуу маселеси жаралууда. Ал эми

узун дарактар сейил бактарда жана шаардын чет жакаларына олтургузулат. Мындай практика көп шаарларда колдонулат.