Баш калаанын Октябрь районунда 1916-жылкы көтөрүлүштө курман болгондорду эскерүү-митинги өткөрүлдү
- Подробности
- Опубликовано 01.08.2014 16:46
Бүгүн, 1-августта 1916-жылкы Улуттук-боштондук көтөрүлүшүндө курман болгондорду эскерүү-митинги өткөрүлдү.
Иш-чарага Октябрь райондук администрациясынын, Октябрь райондук ардагерлер кеңешинин, “Кайран эл” коомдук бирикмесинин өкүлдөрү, жарандык активисттер жана шаар тургундары катышты.
1916-жылкы көтөрүлүштө курман болгондордун арбагына багышталып куран түшүрүлдү. Митингдин катышуучулары 1916-жылкы Улуттук-боштондук көтөрүлүшү монументине гүл чамбарларды коюшту.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 18-апрель 2008-жылдагы токтомуна ылайык Кыргызстанда август айынын биринчи жумасы 1916-жылкы Улуттук-боштондук көтөрүлүштө курман болгондорду эскерүү күнү катары белгиленет эске сала кетмекчибиз.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
26.04.2025 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |