ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Баш калаада “Шаарга өмүр тартуулайбыз!” долбоорунун алкагында кезектеги балдар аянтчасынын ачылышы болуп өттү

Баш калаада “Шаарга өмүр тартуулайбыз!” социалдык долбоорунун алкагында кезектеги балдар аянтчасынын ачылышы болуп өттү. Балдар аянтчасы Чыгыш-5 кичи районунда ачылды.

“Шаарга өмүр тартуулайбыз!” социалдык долбоору Бишкек шаарынын мэриясынын “Газпром нефть Азия” ЖЧК биргелешкен долбоору экендигин эске сала кетмекчибиз.

Иш-чарага Свердлов райондук администрация башчысы А.Өмүрбекова, “Газпром нефть Азия” ЖЧК өкүлү А.Алдаяров катышты.

Өз сөзүндө райондун жетекчиси, жакынкы мезгилде эле райондун аймагында эки балдар аянтчасы ачылды жана бул багыттагы иштер мындан ары да улантыла берерин белгиледи.

“Шаарга өмүр тартуулайбыз!” социалдык долбоорунун алкагында, жылдын аягына чейин 20 дан ашуун балдар аянтчаларынын ачылышы белгиленүүдө”,- деп билдирди А.Арзыматов.