ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Баш калаанын Токтогул көчөсүнүн Ибраимов көчөсүнөн Байтик Баатыр көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жол кыймылы ачылды

Токтогул көчөсү шаардын эң узун көчөлөрүнүн катарына кирет. Жолду оңдоо иштери бир нече этап менен жүргүзүлдү. Жолдун Ибраимов көчөсүнөн Байтик Баатыр көчөсүнө чейинки бөлүгүнө эки катмарлуу асфальт төшөлдү. Оңдоодон өткөн жолдун бөлүгүнүн узундугу 405 метрди, жолдун Ибраимов көчөсүнөн Шопоков көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн туурасы 15 метрди, ал эми Шопоков көчөсүнөн Байтик Баатыр көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн туурасы 14,5 метрди түзөт.

Жолду оңдоо иштери үстүбүздөгү жылдын 27-июнунда башталып, белгиленген мөөнөттө аяктады. Жакынкы мезгилде “Мосжолкуруу” ЖЧК тротуарларды жана сугат тармактарын куруу иштерин баштайт.

Токтогул көчөсүнүн Байтик Баатыр көчөсүнөн Логвиненко көчөсүнө чейинки бөлүгүндө курулуш иштери улантылууда. Жолдун Байтик Баатыр көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгүнө асфальттын биринчи катмары төшөлдү. Учурда жолдун аталган бөлүгүндө люктарды оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Эркиндик бульварынан Логвиненко көчөсүнө чейинки бөлүктө жолду тегиздөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Токтогул көчөсүндөгү жол оңдоо иштери жергиликтүү бюджеттин эсебинен аткарылууда.