ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын 2014-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү 33 млн. сомго көбөйдү

Бишкек шаарынын 2014-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү, 1-январга карата бюджеттик мекемелердин эсебиндеги атайын каражаттардын калдыгынын жана демөөрчүлөрдүн салымынын эсебинен 33 млн. 826,7 миң сомго көбөйдү. Бул жөнүндө Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри М.Исмаилов билдирди.

Бюджеттин чыгаша бөлүгү негизинен атайын каражаттар боюнча көбөйтүлдү.Мэриянын “Автобаза” муниципалдык мекемеси калыбына келтирилгендигине байланыштуу, бекитилген бюджеттин чегинде бюджеттик ассигнованияларды жылдыруу сунушталууда. Бишкек шаардык кеңешинин бюджет жана каржылоо боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусунда бюджеттин параметрлерин өзгөртүү көрсөтүлгөн.

Андан тышкары, бюджеттик классификациянын тиешелүү бөлүмдөрүнө депутаттык тапшырыктарды аткарууга каралган каражаттарды жылдыруу сунушталууда. 2013-жылдын бюджетиндеги чыгаша бөлүмүнүн үстүнөн киреше бөлүмүнүн көбөйтүлүшүнүн эсебинен 2 млн. 981,9 миң сом өлчөмүндөгү каражатты жумшоо сунушталууда.