ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Баш калаада спорттук-массалык иш-чаралар аяктады

Бүгүн, 27-июнда “Дордой” спорт комплексинде, балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу иш-чараларынын алкагында, спорттук мелдештер өткөрүлдү. Спорттук мелдештерге шаардык мектептерде уюштурулган жайкы эс алуу лагерлеринде эс алып жатышкан окуучулар катышты.

Мелдештерге шаардын ар бир району өз командаларын коюшту. Жаш спортчулар “Ким ылдамыраак”, “Көзгө атаар мерген”, “ Кыздар арасында баскебол оюну” конкурстарына катышты.

Спорттук иш-чаранын жыйынтыгында Октябрь районунун командасы биринчи, Ленин районунун командасы экинчи, Свердлов районунун командасы үчүнчү жана Биринчи май районунун командасы төртүнчү орунга жетишти.

Мелдештин жеңүүчүлөрү кубок, медалдар, дипломдор жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.