ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Баш калаада уруксатсыз иштеп жаткан акча алмаштыруу бюролору боюнча рейддер жүргүзүлдү

Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын, Бишкек шаарынын мэриясынын, Монополияны жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин, Бишкек шаарынын ИИББнын, ИИМ Жол кыймылын көзөмөлдөө кызматынын жана “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери курамына кирген комиссия, уруксатсыз иштеп жаткан акча алмаштыруу бюролору боюнча рейддерди жүргүздү.

Белгиленген 34 акча алмаштыруу бюросунун 22 акча алмаштыруу бюросу текшерилди. Алардын 2 акча алмаштыруу бюросунун ээлерине административдик протокол түзүлдү. Рейддин жүрүшүндө, “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери, мыйзамсыз орнотулган, валюталар курсу көрсөтүлгөн  35 жарнак тактасын алып салышты.