ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаардык муниципалитет тарабынан шаарда энергетикалык, алкоголдук ичимдиктерди, насыбай сатууга чек койгон жобонун долбоору иштелип чыкты

Бүгүн, 26-июнда Бишкек шаарынын мэриясынын жыйындар залында энергетикалык, алкоголдук ичимдиктерди, насыбай сатууга чек койгон жобонун долбоору талкууланды.

Документтин долбоорунда курамына спирт кирген энергетикалык, алкоголдук ичимдиктерди, насыбайды Бишкек шаарынын аймагында сатууга чек коюулар белгиленген.

Долбоордун негизги максаты алкоголдук ичимдиктерди саат 22.00дон саат 9.00го чейин сатуу жана курамына спирт кирген энергетикалык ичимдиктерди, насыбайды сатууга тыюу салууга жетишүү болуп саналат.