ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаардын Токтогул көчөсүндө оңдоо иштери башталды

Шаардын Токтогул көчөсүндө оңдоо иштери башталгандыгына байланыштуу жол кыймылы убактылуу жабылат. Бул жөнүндө Бишкек шаарынын Капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиришти.

Оңдоо иштери Токтогул көчөсүнүн Ибраимов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгүндө жүргүзүлөт.

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургандарынан жана айдоочулардан жол кыймылындагы келтирилген оңтойсуздуктар үчүн кечирим сурайт.