ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаардык мектептердин 75 бүтүрүүчүсү “Өзгөчө үлгүдөгү аттестат” алышат

Эртең, 2014-жылдын 24-июнунда 2013-2014-окуу жылынын “эң мыкты” бүтүрүүчүлөрүнө өзгөчө үлгүдөгү аттестаттарды тапшыруу салтанаттуу аземи өткөрүлөт. Салтанаттуу иш-чарага Бишкек шаарынын мэри К.Кулматов, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы М.Аманкулов, бүтүрүүчүлөр, ата-энелер жана мектеп директорлору катышат.

Быйылкы окуу жылында шаардык орто мектептерди 4 655 бүтүрүүчү аяктады. Алардын 75 өзгөчө үлгүдөгү аттестатка татыктуу болушту. “Алтын медалга” татыктуу болгон бүтүрүүчүлөр - шаардык жана республикалык олимпиадалардын жеңүүчүлөрү, көптөгөн конкурстардын лауреаттары.