ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын №14-орто мектебинин имаратында бокс залы ачылды

2014-жылдын 17-июнунда Бишкек шаарынын №14-орто мектебинин имаратында бокс залынын расмий ачылышы өткөрүлдү.

Мурдагы каралбай калган ашкана капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, жылытуу системасы, ысык, муздак суу киргизилип, ордуна бокс залы жабдылды.

Бокс залы жаштар арасында спорттун бул түрүн өнүктүрүү жана жаштарды патриоттуулукка тарбиялоо максатында ачылды.

Бокс менен машыгууну каалагандар залда арзан баада машыга алышат.

Залда машыгуулардын баасы:
Мектеп окуучулары үчүн – бир айга 500 сом;
17 жаштан жогорку курактагы спортчулар үчүн – бир айга 1000 сом.
Колдоого муктаж, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдары акысыз машыга алышат.

Бокс залынын расмий ачылышына профессионалдар арасында бокс боюнча дүйнөнүн 7 жолку чемпиону Орзубек Назаров, КР бокс федерациясынын президенти Абдибакыт Халмурзаев, КР бокс боюнча курама командасынын машыктыруучусу Адылкан Бекболотов катышты.