ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Чемпиондорду куттуктайбыз

Жеңил атлетика боюнча Азия Чемпионатында 3 000 жана 5 000 метр аралыкка жүгүрүүдө Дарья Маслова алтын медалга ээ болду.

Өспүрүмдөр арасында жеңил атлетика боюнча Азия Чемпионаты 2014-жылдын 12-15-июнунда Тайвандын Тайпей шаарында өттү. Чемпионатта 45 мамлекеттин спортчулары таймашты.

Мелдештерге катышкан Сатымкул Жуманазаров атындагы спорт мектебинин спортчуларына Бишкек шаарынын мэриясы финансалык колдоо көрсөттү. Мелдештердин жыйынтыгында биздин спортчулар төмөнкү байгелүү орундарга ээ болушту:
 
Дарья Маслова - 3 000 жана 5 000 метр аралыкка чуркоодо 1-орунду;тысяч метров
Ксения Файсканова - 800 жана 1500 метр аралыкка чуркоодо 4-орунду;
Дмитрий Тимьков - 400 метр аралыкка чуркоодо жеке зачетто мыкты көрсөткүчтү камсыз кылды.

Ал эми үстүбүздөгү жылдын 30-майынан 1-июнуна чейин Астана шаарында каратэ боюнча Казахстандын Чемпионаты өткөрүлдү. Мелдешке 6 жаштан 13 жашка чейинки 300 жаш спортчу катышты.

Мелдешке катышкан үч чемпионго Бишкек шаарынын мэриясы финансалык колдоо көрсөттү.

Алар:
Жамурзаева Акбермет, 12 жаш (45 кг чейинки самактык категория);
Артур Дубанаев,10 жаш (30 кг);
Асакеев Сатай,12 жаш (45 кг).