ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бильярд спорту боюнча Кыргыз Республикасынын Чемпионаты аяктады

2014-жылдын 13-июнунан 15-июнуна чейин Бишкек шаарынын “Соң-Көл” бильярд клубунда Бильярд спорту боюнча Кыргыз Республикасынын Чемпионаты өткөрүлдү.

Мелдешке 89 спортчу катышты. Турнир бильярд спортун калк арасында жайылтуу жана өнүктүрүү максатында өткөрүлдү. Мелдештин жеңүүчүлөрү медалдар, кубоктор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты:
1-орун - Лепшаков Дастан (20 000 сом)
2-орун - Ратбеков Узатбек (15 000 сом)
3 -орун - Маданинов Азиз (8 000 сом)
4 -орун - Насыров Маркел (3 000 сом)
5 -орун - Арзыматов Бектур (1 000 сом)
6 -орун - Ахматов Назим (1 000 сом)
7 -орун - Сыдыков Канат (1 000 сом)
8 -орун - Адамов Зайлан (1 000 сом) байгеге ээ болушту.