ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаардыктар үчүн жаңы эс алуу жайлары түзүлүүдө

Бишкек шаарынын мэриясы шаардыктар үчүн жаңы эс алуу жайлары түзүлүп жаткандыгын билдирет.

Свердлов райондук администрациясы тарабынан Чүй проспекти менен Шаабдан Баатыр көчөсүнүн кесилишине жакын жайгашкан сквер реконструкциядан өткөрүлдү. Мурда аталган тилкеде курулуш ченемдери сакталбастан курулган кафе жайгашып, санитардык талаптар аткарылбай келген.

Учурда аталган аймак тазаланып, жарыктандырылып, гүлдөр отургузулган, орундуктар орнотулган, брусчаткалар жаткырылган жана тегереги курчалган.

Экинчи сквер, Фрунзе жана Шопоков көчөлөрүнүн кесилишине жакын жайгашкан “Театр” сквери. Бул жерде Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги жана Свердлов райондук администрациясы тарабынан көрктөндүрүү, жарыктандыруу иштери жүргүзүлүүдө.