Кадрдык жаңы дайындоолор
Анвар Атантаев конкурс өткөрүлгөнгө чейин “Жашылдандыруу курулуш” муниципалдык ишканасынын директорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Дайындоо жөнүндө буйрукка Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов кол койду.
Анвар Атантаев 1960-жылы туулган, Украина айыл-чарба академиясын аяктаган. Эмгек жолун Ош облустук Өсүмдүктөрдү коргоо станциясынан баштаган, кийин “Кыргыз айыл-чарба химиясында”, Жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүн пайдаланууну көзөмөлдөө кызматынын Чүй - Бишкек башкармалыгын жетектеген, Жаратылышты коргоонун Чүй-Бишкек-Талас аймактык башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп иштеген. 2013-жылдын ноябрь айынан тартып КР Өкмөтүнө караштуу Жаратылышты пайдалануу жана токой экологиялык системасынын Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгын жетектеген.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
03.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |