ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шабдан Баатыр көчөсүнүн жана Чүй проспектинин кесилишине жакын жерде мыйзамсыз орнотулган павильон алынып салынды

2014-жылдын 5-июнунда кечке жуук Шабдан Баатыр көчөсүнүн жана Чүй проспектинин кесилишине жакын жерге белгисиз адамдар тарабынан жеңилдетилген соода объекти  мыйзамсыз орнотулган.

Бүгүн, 9-июнда Свердлов райондук администрациясынын өкүлдөрү тарабынан мыйзамсыз орнотулган павильон алынып салынды.

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарына мыйзамсыз курулуштарды, жайкы аянтчаларды жана башка объекттерди куруунун жоопкерчилиги бар экендигин эскертет жана шаардын көркүн бузган мыйзамсыз курулуш объекттери жөнүндө мэриянын “185” ыкчам чараларды көрүү кызматына же Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.. электрондук дарегине билдирип турууну өтүнөт.