ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

БИШКЕК ШААРЫНЫН БИРИНЧИ МАЙ РАЙОНУН АКИМИ ЭС АЛУУ ЖАНА КϴҢҮЛ АЧУУ МЕКЕМЕЛЕРИНДЕ МУЗЫКАЛЫК РЕЖИМДИН САКТАЛЫШЫН ЭСКЕРТТИ

Биринчи май районун акими А. Алиев 5-июнда шаардык кызматтардын жана эс алуу, кɵңүл ачуу мекемелеринин жетекчилери менен кеңешме ɵткɵрдү.

Райондун жетекчиси эс алуу жана кɵңүл ачуу мекемелеринин жетекчилерин кечки убакытта музыкалык режимди сактоого чакырды. Бул талап Бишкек шаардык кеңешинин 2010-жылдын 27-майындагы токтомунда белгиленген.

Тактама ирээтинде: Бишкек шаардык кеңешинин 2010-жылдын 27-майындагы №191-токтомунда: “Бишкек шаарында жайгашкан коомдук тамактануу жана убактылуу соода түйүндɵрү үчүн бирдиктүү режим белгиленген жана саат 22:00дɵн кийин музыкалык коштоолор белгиленген чектен жогорулаашына тыюу салынат” деп кɵрсɵтүлгɵн.