Шаардагы бак-дарактардын абалын текшерүү боюнча жумушчу топ түзүлдү
Бишкек шаарынын мэринин райондук администрациялардын башчылары, шаардык кызматтардын жана түзүмдөрдүн жетекчилери менен 2014-жылдын 2-июнунда өткөн кеңешмесинин протоколук тапшырмасын аткаруу максатында, шаардагы бак-дарактардын санитардык абалын изилдеп, текшерүү боюнча жумушчу топ түзүлдү.
Жумушчу топко Бишкек шаарындагы бак-дарактардын санитардык абалын изилдеп, жараксыз деп табылган дарактарды кыйуу боюнча иш-чараларын уюштуруу 2014-жылдын 9-июнуна чейин аткаруу милдеттендирилди.
Буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жоопкерчилиги вице-мэр О.Попиковго жүктөлдү.
Буйрукка Бишкек шаарынын мэри К.Кулматов кол койду.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
03.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |