ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бүгүн балдардын жана өспүрүмдөрдүн республикалык “Сейтек” борборунда балдарды коргоонун күнүнө арналган майрамдык иш-чаралар өткөрүлдү

Иш-чаралар колдоого муктаж үй-бүлөлөрдүн балдары, жетим жана майып балдар үчүн уюштурулду. Балдар майрамына Бишкек шаарынын вице-мэри А.Рыскулова катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Өз сөзүндө вице-мэр: “Балдардын укуктарын коргоо, аларды камкордукка бөлөп, муктаждыктарын чечүүнүн үстүндө иштөө улуулардын милджети” деп белгиледи.

Балдар үчүн концерттик программа уюштурулуп, белек-бечектер тапшырылды.

Майрамдык иш-чараларды өткөрүү үчүн шаардык бюджеттен 150 миң сом өлчөмүндө каражат бөлүнгөн.

Бүгүнкү күндө колдоого муктаж үй-бүлөлөрдөн 15150  бала шаардын социалдык органдарынын каттоосунда турат (алардын 10033 бала мектеп жашындагы, 5118 бала мектепке чейинки курактагы балдар), 25547 бала ден-соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген балдар. Аларга төмөнкү даректүү социалдык жардамдын түрлөрү көрсөтүлүп турат:
-    2 жашка чейинки 470 баланы акысыз негизде сүт азыктары менен камсыздоо;
-    190 ЖОЖдун студенттерине 1000 сом өлчөмүндө, 700 сом өлчөмүндө орто окуу жайлардын студенттерине мэрдин стипендиясын төлөө.