ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Балдар майрамы шаардын “Ата-Түрк” сейил багында өткөрүлдү

“Ата-Түрк” сейил багында “Шайыр балалык”, “Таберик”, “ Ак Шоола” чыгармачылык борборлору тарабынан даярдалган майрамдык концерт уюштурулду. Андан тышкары спорттук мелдештер, эстафеталар, сүрөт конкурстары өткөрүлдү жана жеңүүчүлөргө  белектер тапшырлды.

Майрамдык иш-чараларга 2 000 ашуун балдар катышып,  жергиликтүү бюджеттин эсебинен 250 миң сом өлчөмүндөгү каражат бөлүнгөн.

Социалдык органдардын каттосунда турган жетим, майып, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдарына төмөнкү социалдык жардамдар көрсөтүлдү:
-    Тоголок жетим 42 балага 500 сомдон;
-    222 үй-бүлөгө 400 сомдон;
-    Башка категорияга кирген 315 балага 400 сомдон материалдык жардамдар көрсөтүлдү.