ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

“Шаар көчөлөрүн тышкы жарыктандырууну модернизациялоо” долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо иш-чаралары башталды

Шаар көчөлөрүн тышкы жарыктандырууну модернизациялоо долбоорунун алкагында, долбоордун жумушчу тобунун жана “Азия шаарларын өнүктүрүү боюнча демилгелер” Фондунун  (CDIA) эл аралык кеңешчилеринин жолугушуусу 2014-жылдын 27-майында болуп өттү.

Жолугушууга Бишкек шаарынын вице-мэри О.Попиков, ШӨАнин директору А.Усубалиев, ТЖКЧ башкармалыгынын башчысы Н.Касымов, “Бишкексвет” муниципалдык ишканасынын башкы инженери М.Шайылдаев, Бишкек шаарынын мэриясынын шаарды көрктөндүрүү бөлүмүнүн башчысы Ю.Бедаш жана башкалар катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Шаар көчөлөрүн тышкы жарыктандырууну модернизациялоо” долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесинин негизги маселелери талкууланды. Вице-мэр О.Попиков, тышкы жарыктандыруу боюнча иш-чараларды кыска мөөнөттүн ичинде ишке ашыруу жана тендерлерди үстүбүздөгү жылдын октябрь айында өткөрүүнү белгиледи.

“Азия шаарларын өнүктүрүү боюнча демилгелер” Фонду (CDIA) 2007-жылы Азия өнүктүрүү банкы жана Германия Өкмөтү тарабынан сунушталып, Швеция, Испания, Австрия мамлекеттеринин өкмөттөрү тарабынан колдонгон аймактык демилге болуп саналат. CDIA өнүктүрүү пландарын ишке ашыруу жана шаар инфраструктурасын өнүктүрүүгө инвестицияларды тартуу боюнча Азия шаарларына жардам көрсөтүп келет.