ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Баш калаада социалдык оорукананын курулушу башталат

Бишкекте 50 орунга эсептелген социалдык оорукананын курулушу башталат.

Курулуш долбоору Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырылат. Оорукананын курулушу үчүн Бишкек шаарынын мэриясы шаардын Ю.Фучик көчөсүнөн 0,52 га жер тилкесин бөлүштүргөн. Ошондой эле мэрия тарабынан курулуштун инженердик-техникалык шарттары боюнча тиешелүү документтер даярдалып бүттү. Түрк тараптан оорукананын курулушунун долбоорлоо жана куруу иштерин жүргүзүүгө тендер өткөрүлдү.