ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Баш калаада “Кымыз” майрамы өткөрүлөт

2014-жылдын 30-майында саат 10.00до шаардын “Дуб” сейил багында “Кымыз” майрамын өткөрүү белгиленүүдө.

Иш-чара кыргыз элинин улуттук суусундугун пропагандалоо максатында өткөрүлөт. Майрам концерттик программа, улуттук аспаптардын коштоосундагы музыка жана “кара жорго” бийи менен коштолот.

Иш-чара Бишкек шаарынын мэриясы жана кыргыз элинин каада-салттарын сактоо боюнча демилгечил топтун аракеттери менен өткөрүлөт.

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын жана конокторду майрамга чакырат.