ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

2014-жылдын 21-майынан баштап түнкү мезгилде эс алуу мекемелеринде ойнолгон музыкалык коштоолордун үн бийиктигин чектөө боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө

Аталган максатта текшерүүлөрдү Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялыккөзөмөлдөө борбору жүргүзүүдө.

22-майда эки саатык текшерүүлөрдүн жүрүшүндө (саат 22.00дон 00.00го чейин), Ибраимов көчөсү,105 “Анталия”, Т.Айтматов-55 «Ситора», Курманжан Датка-99 «Фаризат», Курманжан Датка-107  «Инсар», «Чыгыш -5» кичи району-18/1 дарегинде жайгашкан «Прадо» кафесинде бекитилген талаптарды бузуу фактылары катталды.

Аталган мекемелердин жетекчилигинин аттарына протоколдор түзүлүп, чара колдонуу үчүн райондук администрациялардын кароосуна жиберилди.

Бишкек шаарынын мэриясы, түнкү убакытта шаар тургундарынын тынчтыгын бузган фактылар боюнча 185 ыкчам чараларды көрүү кызматына маалымдап турууну эсиңиздерге салат.