ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

2014-жылдын 20-майында шаардын “Орто-Сай” базарында өрт коопсуздугу боюнча машыгуу окуулары болуп өттү

Машыгуу окууларынын алкагында, үч өрт өчүрүү командасынын алдына базардын ичинде мурда даярдалган өрт очокторун таап, аларды өчүрүп жок кылуу максаты коюлган.  Иш-чаранын жүрүшүндө баардык эле командалар белгиленген тапшырманы аткарууга толук жетише алышкан жок. Алардын бири жолго бөгөт болгон автоунаадан өтүүгө мүмкүнчүлүк тапкан жок.

Иш-чарага Бишкек шаарынын Октябрь райондук администрациясынын башчысы К.Токтосартов катышып, окуулардын өтүшү боюнча кемчиликтерди белгилеп, иштиктүү сунуштарды айтты.

Өткөн жылы базарга жакын жайгашкан Донеңкий көчөсүн оңдоо долбоорунун алкагында, 50гө жакын жеңил конструкциядагы соодо павильондору алынып салган. Алар жол кыймылына жолтоо болуп келген. Ага карабастан, жол боюнда баш аламандыкта соодо кылуу кайрадан улатылууда. Бул багытта атайын рейддер уюштурулуп, мыйзамсыз соода кылган жарандарга айыптар чегирлмекчи.