ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Мыйзамсыз курууларды токтотуу иштери улантылууда

Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак-жай куруу департаменти тарабынан шаардын “Ала-Тоо” конушунда рейд уюштурулду. Аталган конуштун Улук-Тоо көчөсүндө жер тилкеси муниципалдык жердин эсебинен кеңейтилип, короо курулган фактысы катталды.

Кыргыз Республикасынын “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” жана “Жеке турак-жай куруу жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, жер тилкесинин ээсине 5х15 өлчөмүндөгү мыйзамсыз курулган короону бузуу мидеттендирилди жана өз ыктыяры менен бузулду.